Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:47

С. Раев: Айтматов жылы январда жыйынтыкталат


ЮНЕСКО уюму январь айында Парижде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгын белгилегени жатат. Ушул эле январь айында Кыргызстанда “Айтматов жылы” жыйынтыкталат. Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин “Азаттыкка” айтымында жыйынтыктоочу иш чара КМШ мамлекеттеринин вице-премьер министрлеринин деңгээлинде өтөт. Ушул эле форматта КМШдагы “Адабий окуулардын” жылы да Бишкекте жыйынтыкталат. Жазуучу Чыңгыз Айтматов быйыл 12-декабрда 80 жашка чыкмак. Бул курактын урматына 2008-жыл Кыргызстанда Айтматов жылы деп жарыяланган. Жазуучу бул күнгө жетпей 10-июнда дүйнөдөн өттү. (BuS)

XS
SM
MD
LG