Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:14

Нарын шаарынын жүздөгөн тургундары Курман айт намазын окубай калышты


Нарын шаарындагы «Азырет-Аалы» мечитинде окулган айт намазынын катышуучуларын Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Кулматов, шаардык кенештин төрага орун басары Мустафа Жумаканов, ардагерлер куттукташты. Айрым байкоочулар намаз окууга эки миңдин айланасындагы адам келгендигин белгилешти. Абалга иликтөө жүргүзгөн мезгилде, шаардын батыш жана чыгыш тараптарын эл ташуучу автоунаалар менен камсыздоо жетишсиз болгондугу белгилүү болду. Ал эми өткөн Орозо айт намазга үч жарым миңдей адам катышкан экен. Бул күнү Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков беш уйду курмандыкка сойгонго каражат бергендигин, натыйжада соцалдык ар кандай муктаж катмарлардан жалпысы 220 адамга үч килден эт таратылгандын Ак Жол партиясынын координатору Эмил Чымылдаков маалымдады. (KUs)

XS
SM
MD
LG