Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

“Ак шумкар”: Курманбек Бакиев бийликке “Азаттык” аркылуу келген


“Акшумкар” саясий партиясы бүгүн билдирүү таратып, анда акыйкат, оппозициянын дагы, бийликтин дагы позицияларын бирдей камтыган, ар кыл маалыматтары менен элге терең сиңген “Азаттыкты” токтотуу аркылуу бийлик өзүнүн алсыздыгын, чындыктан корккондугун билдирди жана осол иш жасады деп белгилеген. Оппозициялык партия ошондой эле сөз эркиндиги демократиялык түзүлүштүн башкы шарты деп жазат. Тилекке каршы акыркы бир нече жылда Кыргызстанда эркин ММК калбай, жарандардын көпчүлүгү акыйкат, коз карандысыз маалыматка жетпей калды. 2005-жылкы март окуясынан кийин менчик ММКлар басып алууларга тушукту. “Вечерний Бишкек” басма үйү, КООРТ, Пирамида телерадиокомпаниялары жаңы кожоюндарга ээ болушту. “Де-факто”, “Алиби” гезиттери жабылды. Бийлик көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы күрөштү, кысымды күчөтүп жатат. Жашап турган сейрек көз карандысыз маалымат каражаттарынын бири – “Азаттык” деп белгилейт “Ак шумкар” партиясы. Ушундай мазмундагы билдирүү тараткан партия президент Курманбек Бакиевден Конституциянын кепили катары сөз жана ой эркиндигин камсыздоону, УТРК өз милдеттенмелерин аткарышын, “Азаттык” телерадио берүүлөрүн калыбына келтирүүгө бардык зарыл чараларды көрүшүн талап кылган. Билдирүүгө “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев кол койгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG