Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Ош мамлекеттик университетинде коррупцияга аралашкан окутуучулар токтоосуз кызматынан бошотулат


Дүйнөлүк жемкорлукка каршы күрөшүү күнүнө арналган «Коррупцияга жол жок!» аттуу акцияга катышкан эки миңдей студенттин алдында чыгып сүйлөгөн Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Мухтар Орозбеков жаштарды паракорлукка каршы активдүү күрөшүүгө үндөп, андай жосунсуз жорукка ыктаган кафедра башчыларынын, декандардын, ошондой эле окутуучулардын шеги билинсе, окумуштуулар Кеңешинин чечимине ылайык жумушунан токтоосуз бошотулаарын убада кылды. Аталган университеттин студенттик акыйкатчысы Эрнис Толтоев коррупция бардык окуу жайын ээлегендигине токтолуп, ага каршы күрөштү мугалимдер, ата-энелер, жаштар биргеликте ырааттуу жүргүзмөйүнчө, бир күндүк акциядан натыйжа чыкпастыгын белгиледи. (ATo)

XS
SM
MD
LG