Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Грецияда бүгүн бийликтер жаңы тополоңдорго даярданууда


Кечээ үчүнчү күн уланган тополоңдон улам ишкерлерге жана өлкөнүн туризм индустриясына келтирилген зыян миллиондогон еврого бааланып жатат. Өкмөт кечээ чукул жыйын өткөрдү. Премьер-министр Костас Караманлис теледен жасаган кайрылуусунда элди сабырдуулукка чакырды. Ал орун алып жаткан кыянатчылыктар коркунучтуу экенин белгилеп, бийлик алар менен келише албасын билдирди.

Башкаала Афинада жаалданган жаштардын тобу дүкөндөргө, банктарга, мейманкаларга кол салып, өрт коюп жатышат. Демонстранттар атүгүл майрамдык балатыны да өрттөп жиберишти. Кабарларга караганда, Афинада эле 130дан ашуун дүкөн талкаланган. Тополоң борбордон башка да сегиздей шаарга жайылганы маалымдалууда. Бирок бийлик өкүлдөрү өкмөт өзгөчө абал киргизүүсү мүмкүн деген маалыматтарды төгүндөштү.

Акыркы бир нече жыл ичиндеги эң ири баш-алмандыктар ишемби күнү кечинде полиция Афинада 15 жашар өспүрүмдү атып алгандан кийин башталды. Ал өспүрүмдүн сөөгү бүгүн жерге берилет. Өспүрүмдүн атылышына байланыштуу эки полицей камакка алынды.

XS
SM
MD
LG