Дүйнөлүк банктын билдирүүсүнө караганда, глобалдык каржы кризиси өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү экономикалык өсүшкө залакасын тийгизет. Банктын эң соңку баяндамасындагы божомолго караганда, дүйнөлүк экономика келерки жылы 0, 09%гана өсөт.
Бул аралыкта өнүккөн өлкөлөрдөн Канада экономикасы рецессияда экенин жарыялады. Ал эми АКШда мыйзамгерлер өлкөнүн автомобиль өндүрүүчү үч ири ишканасына 15 миллиард долларга насыя берүү маселесин макулдашуу аракетин көрүүдө.