Камактан күрөө менен бошотулган Род Благоевич -Иллинойс штатынын губернатору. Бул штатта кезинде АКШнын шайланган президенти Барак Обама сенатор болгон. Губернатор Род Благоевич штаттын Сенатта Барак Обама президент шайлангандан кийин бошогон ордун сатууга аракеттенгени үчүн айыпталып, кечээ камакка алынган. АКШнын мыйзамдары боюнча мындай учурда Сенатта бошогон орунду ким ээлерин губернатор чечет.
АКШнын шайланган президенти Барак Обама партиялаш губернатордун камалганы жөнүндөгү жаңылыкты комментарийлеген сөзүндө бул кабарды капалануу менен кабыл алганын белгилеп, мындай деди:
"Менде губернатор жана анын кеңсеси менен эч кандай байланыш болгон эмес, андыктан мен эмне болгонун билген эмесмин" ,- деди Барак Обама.
Иллинойстук демократтар менен республикачылар Барак Обама Сенатта бошоткон орунду сатууга аракеттенгени үчүн айыпталган губернаторду отсткавкага кетүүгө чакырышууда.