Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Сөз эркиндиги унчукпоо эркиндигине айланып жатат


Мындай маанидеги билдирүүнү “Интербилим” борбору “Азаттык” жана Би-Би-Си үналгыларынын обого чыкпай калганына байланыштуу бүгүн таратты. Билдирүүдө айтылгандай эки көз карандысыз үналгынын үн катпай калуусун “тараптардын чарбалык талашы” катары жөнөкөй бир шылтоо менен негизделүүдө. “Биздин өлкөдө сөз эркиндиги максатуу түрдө акырындык менен унчукпоонун эркиндигине айландырылып жатат. Буга жетүү үчүн бийлик түрдүү ыкмаларга баруусу ыктымал,” деп белгилешет билдирүү ээлери. “Интербилим” көз карандысыз үналгылардын обого чыкпай калышы адам укуктарынын эл аралык күнүнө туш келип жаткандыгын белгилеп, “ар бир адам маалымат алууга укуктуу, ал эми бул маалыматтар эркин таралууга тийиш,” деп билдирет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG