Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

“Кыргыз газ” ишканасынын жетекчилиги Ташкентке жөнөп кетти


“Кыргыз газ” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай иш сапардын максаты –келерки жыл үчүн көгүлтүр от келишимин түзүү болуп эсептелет. Азырынча газдын баасы тууралуу так маалыматтар жок, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы 12-декабрда белгилүү болот, деп билдирди маалымат кызматы. Делегациянын курамында аталган ишкана жетекчиси Саламат Айтикеев, өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов бардыгы айтылууда.

Буга чейин өзбек газынын келерки жыл үчүн баасы миң кубометрине 300 доллардын айланасында болушу ыктымалдыгы айтылган. Былтыркы жылы Кыргызстан Өзбекстанга көгүлтүр газдын миң кубометрине 100 доллардан, үстүбүздөгү жылы болсо 145 доллардан төлөп келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG