Кризиске байланыштуу кыргызстандык мигранттардын мекенине жабыла кайтуусу азырынча жок, тескерисинче ишке чакыргандар болууда. Мындай маалыматты миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Айгүл Рыскулова бүгүн Социал-демократтар фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтуусунда ушул тапта Орусияда иштеп жүрүшкөн 253 миң кыргызстандык мигранттын 167 миңи орус жарандыгына ээ. Айгүл Рыскулова кыргызстандык мигранттарга берилүүчү квотанын кыскаруусуна байланыштуу маселе тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жума күнү Москвага учуп кетерин кошумчалады.
Такталбаган маалыматтар боюнча ушул тапта өлкөдөн чет жакта иштеп жүргөн кыргызстандык жарандардын саны 700 миңден ашуун.(ZKo)