Улуттук телеканалдын жетекчиси Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүүнү талап кылган нааразылык акциясы 3-декабрдан бери уланып келе жатат. УТРК жетекчисинин мурдагы орун басары, нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири –Бейшенбек Бекешовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүн акциянын катышучуларына “Коррупцияга каршы” кыймылынын мүчөлөрү келип кошулду. Бийлик тарабынан, Улуттук телеканалдын жетекчилиги тарабынан нааразылык акциясына азырынча эч кандай реакция боло элек, дейт Бейшенбек Бекешов.
УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановдун мурдараак билдиргени боюнча нааразылык акциясына телеканалды реформалоо максатында жүргүзүлүп жаткан кыскартуулар негиз берүүдө.(ZKo)