Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Кант цемент-шыйпыр комбинатында жумуш азаюуда


Комбинат чыгарган продукцияга суроо-талаптын азайганына байланыштуу анда иштеген 150 жумушчу 2009-жылдын 1-мартына чейин маянасыз эмгек өргүүсүнө чыгышты. Бул тууралуу бүгүн калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция комитетинин башчысы Айгүл Рыскулова Социал-демократтар фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтуусунда комбинаттын ишин мамлекеттик колдоо менен жандандыруудан пайда жок, анткени КЦШК чыгарган продукциянын негизги керектөөчүсү болуп келген коңшу Казакстанда каржылык кризистин айынан курулуш токтоп турат.

Кант цемент-шыйпыр комбинаты мурдагы бийликтин тушунда орусиялык жана казакстандык ишкерлердин колуна өтүп кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG