Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

ТИМден жиберилген жүккө байланыштуу кылмыш иши козголду


Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымдаганы боюнча КР тышкы иштер министрлигинен Улуу Британиядагы кыргыз элчилигине даректелип жиберилген дипломаттык жүккө байланыштуу кылмыш иши козголду. Маалыматта айтылгандай 2008-жылдын 30-ноябрь күнү Бишкек-Стамбул каттамындагы учактын бортунан 270 кг салмактагы жүктү текшерүү учурунда анда Казакстанда чыгарылган 12 миң даана “LM” тамекиси бардыгы аныкталган, бирок жүккө тиешелүү документтер толук болгон эмес. Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мында дипломаттык почтанын кол тийбестигинен пайдаланып, өтө ири өлчөмдөгү товарды контрабандалык жол менен алып чыгып кетүү аракети болгон, деп эсептеп, кылмыш ишин ачкан. Учурда бул жүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG