Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

"Мусулмандар Европада койдон жоош жашашы керек"


Сабатина Жеймс адам укуктары туруалуу эл аралык декларациянын жоболору менен жашасам деп тилейт. Бирок Австриянын жараны, бирок түпкүлүгү пакистандык бул кыз азыр ислам менен эл аралык адам укуктарынын ортосунда борошолуу бурганактын чок ортосунда калды.

Сабатина Жеймс мусулман дининен христианчылыкка өткөндөн кийин, кызды атасынын жолдошу өлтүрөм деп эскертсе, Австриянын тартип коргоочулары "кайра исламга өт" деп кеңеш беришкен.

Шарият мусулман эмес өлкөдө да иштей турган болсо, Сабатинанын Австрияда жашаган пакистандык ата-энеси кызын өлтүрүүгө укуктуу болуш керек. Анткени бир катар өлкөлөрдүн шариятка негизделген мыйзамдарында башка динге өткөн кишиге өлүм жазасы каралган. Ал мыйзамдарда кээде аялдарга кечирим берилет, анда балким Сабатинага да кечирим болоор? Бирок анын атасы мындай майда-чүйдө талашка аралашпастан, аны тирүү калтырбасын эскерткен:

– Атам мага "жарым айда кайра мусулманчылыкка өт, болбосо өлүмдөн кутулбайсың" деп айтты. Менин атамдын досу бар болчу, ал мага "сен жакшы кыз эмессиңби, мени аргасыз ишке түрпө" деп айтты. Башкача айтканда, мени атам эмес, анын досу өлтүрмөк болгон.

Адам укуктарынын эл аралык декларациясынын 60 жылдыгында Сабатинанын тагдыры исламга байланышкан талаштар мусулман өлкөлөрүнөн сырткары жактарда да курч кырдаалдарды жаратып жаткандыгын дагы бир жолу айгинеледи.

Бирок Сабатина мусулман өлкөлөрү шариятка негизделген адам укуктарын таңуулап жатканын эмес, исламды сыйлай тургандыгын далилдөө үчүн Батыштын кээ бир демократиялык өлкөлөрү өз аймагында шарияттын колдонулушуна жол берүүгө көңүлдүү экендигин түшүнө албайт:

– Мен полицияга барып, атам өлтүрүп салат деп коркуп атканымды билдирдим. Болгонун болгонундай айтып бердим. Бирок полициянын айтып турганынан түңүлдүм. Ал мага "Кайра мусулман болуп албайсыңбы, ошондо, чоң кыз, бардык балээден кутуласың. Аллаха ишенесиңби, Исус Хсстоско ишенесиңби, кимге кандай айырмасы бар?" деп айтты. Бирок мен үчүн айырмасы бар. Мен шарият мыйзамына баш ийген өлкөдө жашаган жокмун да. Анда эмне үчүн баары менин ата-энеме тартып жатышат?

Буга чейин Европада мусулман башка динге өткөндө өлтүрүлгөн учурлар катталган эмес. Иш жүзүндө мындай жаза башка динге өтүүгө тыюу салынган мусулман өлкөлөрүндө да сейрек колдонулат. Алтургай Осмон империясынын тушунда мындай жазага тыюу салынган болчу. Бирок бүгүн Саударабстан, Иран сыяктуу өлкөлөрдө бул жаза мыйзамдарда каралган, ал эми Пакистан менен Ооганстан өңдөнгөн өлкөлөрдө динин алмаштырган кишини сотсуз эле, акырын өлтүрүп салыштары мүмкүн.

Анын аралыгында мусулмандардын саны 50 миллионго жетип калган Европада мусулмандар менен каада-салттарда мыйзамдык карама-каршылык улам тереңдеп баратат. Айрым европалык соттор, диний ишмерлер жана мамлекеттик кызматкерлер мусулмандардын жеке турмуштагы эрежелерине кийлигишпөөгө ыктап жаткандыгы чын. Өткөн февралда мисалы англиялык чиркөөнүн башчысы Роуан Уиллиамс "нике же финансылык талаштарда шариятка жол берүүгө туура келет" деп айткан эле. Өкмөт башчысы Гордон Браун "Британияда мыйзамдар британиялык баалуулуктарга негизделиши керек" деп, бул сунушту дароо эле четке какты.

26 жаштагы Сабатина учурда Европада жашап, зордук-зомбулукка туш келген мусулман аялдарга жардам берген уюмду жетектейт. Анын айтымында, бул аялдар Батыштык башка аялдар өңдөнүп, эң жөнөкөй адам укуктарына пайдалана албаган учурлар көп . Ал мындан 60 жыл мурда бүт дүйнөлүк деп жарыялаган адам укуктарына Батыш демократиялары үстүрт мамиле жасап жатканына өкүнөт:

- Биз мусулмандарга "эгер Европага келсеңер абдан кубанычтуубуз, биз силерди каалайбыз, бирок биздин өлкөдө өзүбүздүн эрежелерибиз бар. Силер ал эрежелерди сыйлагыла, болбосо өз өлкөңөргө кайтып кеткиле" деп айтышыбыз керек. Бул - расизм эмес, кеп адам укуктарын коргоо жөнүндө болуп жатат".

Сабатина азыр Германияда полициянын кайтаруусунда жашырынып жүрөт.
XS
SM
MD
LG