Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

“ЭрК” партиясы менен “Жоомарт” кыймылы чагымдан чочулоодо


“ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу менен “Жоомарт” кыймылынын лидери Нурлан Мотуев Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровго кечээ ачык кат жолдошту. Кайрылууда алар алдыда уюштура турган саясий акцияга каршы атайын адамдарга акча берип, чагым уюштуруу пландалып жатканы айтылат. Ошондой эле жер-жерлерде милиция, коопсуздук комитетинин кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары тукурумчу мастарды жөнөтүп, эл менен жолугушууда тоскоолдуктарды уюштуруп жатканы белгиленген. Учурда “ЭрК” менен “Жоомарт” кыймылынын лидерлери Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облусун кыдырышууда. Алар 16-декабрдан баштап жер-жерлерде митинг уюштурууну болжолдошууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG