Жогорку Кеңештин депутаты 12-декабрда Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгы белгилене турганын айтып, азыркы мезгилде улуу жазуучунун ысмын ыйгаруу маселеси көтөрүлүп жатканын кабарлады. Депутаттын айтымында, алар Чүй проспектисине Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Бирок ал ар кандай тоскоолдуктарга туш болууда. Ошондуктан депутат бул маселеде аны колдоого Жогорку Кеңешти чакырды.(AiT)