Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Каржы кризиси кыймылсыз мүлк рыногуна терс таасир берет


Мындай пикирин “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты Бегаалы Наргозуев билдирди. Анын оюнда, дүйнөлүк каржы кризиси турак-жай рыногуна, дегеле экономикага чоң сокку берет. Мунун айынан жазында турак-жай кескин түрдө арзандашы мүмкүн. Депутаттын айтымында, айрым кыймылсыз мүлк агенттиктеринин баалар анчалык деле ылдыйлабайт деген маалыматы жөн гана калкты тынчытуу аракети. “Бирок үйлөрдүн арзандашы жакшы деле көрүнүш эмес, кризистин айынан калктын кирешеси азайып, турак-жай сатып алууга элдин алы жетпей калышы ыктымал”,- дейт Б. Наргозуев. (AiJu)

XS
SM
MD
LG