Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:24

Элдик революциялык кыймыл Аксыда жыйын курду


Кыймылдын лидери Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” маалымдоосуна караганда, алар Аксынын Кара-Жыгач айылында жыйын өткөрүп, анда азыркы президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү маселеси көтөрүлдү. Революциялык кыймылдын маалыматы боюнча жыйынга беш миңдей киши катышты. Алар президенттин кызматтан кетүүсү үчүн добушун беришти. Аксы районун акими Аскербек Алиевдин билдирүүсүнө караганда, бул күнү Кара-Жыгач айылында базар боло турган күн болчу. Революциялык кыймылдын лидерлери мына ошол базарга туштап келишти. Бирок аларды активдүү колдогон кишилер саны 50-60 чамасында болду. (AiT)

XS
SM
MD
LG