Шенген визасы менен бүткүл Европаны түштүк-батыштагы Португалиядан, түндүк-чыгыштагы Эстонияны көздөй тоскоолдуксуз кесип өтүүгө болот. Шенген аймагына буга чейин 24 өлкө кирген. 2005-жылы референдумда Щвейцариянын жарандары Шенген аймагына кошулуу үчүн добуш беришкен. Шенген келишимине 1985-жылы Люксембургдагы Шенген шаарында Франция, Германия жана бир нече өлкө кол койгон.