Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Орус-кыргыз президенттери телефон менен сүйлөшүштү


Орус президенти Дмитрий Медведев өлкө башчысы Курманбек Бакиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Дмитрий Медведевдин расмий иш сапарындагы келишимдердин аткарылышы тууралуу кеп болду. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз кызматы маалымат таратты. Орус президентинин иш сапарында энергетика тармагында кызматташуу, тышкы саясат ведомостволорунун биргелешип иш алып баруусу тууралуу программа, бажы кызматтарынын маалымат алмашуусу жөнүндө токтом, “Кыргызгазды” менчиктештирүү боюнча өкмөт менен “Газпромдун” меморандуму сыяктуу документтерге кол коюлган. (AJ)

XS
SM
MD
LG