Укук коргоочу Эдил Байсалов Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңешин Ноокат окуясын тыкат иликтеп чыкканча талкууну токтотуп турууга чакырды. Байсалов буга чейин бийлик укук коргоочуларды мыйзамга жана мамлекеттик иштерге каршы үндөп келет деп жемелеп келгенин белгилеп, Ноокат окуясына байланыштуу маселеге көңүл буруу коомчулукту чаташтырууга алып барарын айткан. Анын жеке көз карашында Бакиевдин бийлиги “митингдер өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болуп, туруксуздук кырдаал жаратып жатат”,- деп тетири оодара салууну абдан жакшы көрүшөт. Буга чейин укук коргоочулар К.Бакиевден Жогорку сотко кирип алгандарга, Кара-кече көмүр кенин басып алгандарга, Ош жана башка облустарда менчиктерди ээлеп алгандарга, кылмыштуулукка каршы чара көрүү өтүнүчү менен кайрылганда, тескерисинче Бакиев кылмыш дүйнөсүндөгү Р.Акматбаевдин митингисине барып ага кол бергенин Байсалов эске салган. Ал бийлик Ноокат окуясын тетири нукка буруп жибербеши үчүн окуянын чоо-жайын тыкат иликтеп чыккандан кийин талкууга алуу жөндүү болот деген пикирин билдирген. Укук коргоочулар кеңеши 16-декабрда адамдардын дин ишенимине жана эркиндигине байланыштуу жыйында орозо айтта Ноокаттагы баш аламандыкты уюштурган делип, сот жообуна тартылгандардын тагдырын талкууга алууну болжоп жатышат. (AJ)