Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

АКШ автоөнөржайындагы кризис жана Кыргыз автобазары


Кошмо Штаттардын Сенаты өлкөнүн автомобиль өнөр жайына 14 миллиард доллар жардам берүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун бекитпей койду. Сенатор-республикачылар кесиптик кошуундар жумушчулардын маянасын кыскартууга макул болмоюн, долбоорду колдоодон баш тартышты. Атактуу “General Motors” жана “Crysler” автоконцерндери кабылган финансылык капсалаң эларалык базарга кандай таасир этет?

“General Motors” жана “Crysler” автомобиль концерндерине жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбоорун Сенаттын колдой койгону Ак Үйдүн түйшүгүн дагы көбөйтөт. Себеби, бул эки концернде жана “Ford” компаниясында 240 миңдей адам иштейт. Автоөнөр жайы Огайо, Индиана жана Мичиган штаттарынынын кирешесинин 5 проценттен 10 процентине чейин берет. Өкмөт жардамга келбесе, автомобил жасоочулар жумушчуларды кыскартаары талашсыз.

Ушундан улам, Сенаттагы добуш берүүдөн соң: «Бул чечим автомобиль компанияларынын жумушчуларынан башка да миллиондогон америкалыктарга жана автосатуучуларга, ошондой эле автомобиль эмгек куралы болгон адамдарга түз тиет», деди өкүнө Сенаттагы демократтык көпчүлүктүн лидери Гарри Рид.

АКШ Сенаттын автожасоочуларга 14 миллиард долларлык жардам көрсөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун колдобой койуусу Европанын жана Азиянын баалуу кагаздар рыногуна терс таасир этти. Жума күнү Япониянын фондулук биржасындагы соода 6 процентке азайды. Кошмо Штатардын автомобиль өнөр жайындагы оор абал эмне үчүн дүйнөлүк рынокту көйгөйгө салды? Анын жөнүн Мюнхенде чыгуучу “Automotive News Europe” журналынын ээси Жейсон Штейн мындай түшүндүрөт:

-Себеби дүйнө бир бүтүн экономикалык базарга жана автоөнөржайынын глобалдык базарына айланды. Автожасоочуларды камсыздоочулары жалпы бирөө жана автоөндүрүш бири бири менен тыкыс байланышты болгондуктан, бир жердеги финансылык проблема башкаларга да тиет. Ошон үчүн Америкада болгон капсалаң дүйнөнү да тополоңго салат.

Жейсон Штейн айткандай эле Кошмо Штаттардын килейген автомобиль компаниялары эбак эле улуттук деңгээлден чыгып, өндүрүшү башка өлкөлөрдө да бар. Ошондой теңорток ишканалардын бирин «General Motors» Россиянын Тольяти шаарындагы АвтоВАЗ жана Нижний новгороддогу «ВАЗ» автозаводу менен чогуу курган. Азыр кризиске байланыштуу Россиядагы береги эки завод тең жумушчуларын кыскартууга аргасыз болуп отурат.

Швециянын өкмөтү да улуттук автожасоочулар: «Volvo» жана «Saab» компаниялары колдоо үчүн 3,3 миллиард доллар бөлдү. Ага карабай, бул эки компания азыр «башын кашып»турган учур. Анткени, алар АКШнын автомобиль компанияларын шассилерин колдонот. Мындай жагдайга байланыштуу Жейсон Штейн: «Кырдаал кандай болорун айтуу кыйын. Менин оюмча, алты ай мурда эмне болуп кетерин эч ким так айта алган эмес», дейт.

Дүйнөлүк автобазардагы оор кырдаал жеңил машинелердин арзандашына алып келди. Бул, албетте, Кыргызстанга тышкы базардан ташылган машинелердин наркын арзандатат. Бирок, кыргыз бийликтери базар баасын түшүрбөөчү кадам жасап, 10-декбардан тарта сырттан алып келген машинелерден төлөнчү салыктын наркын үч эсеге чейин көтөрүп жиберди.

XS
SM
MD
LG