Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Бишкекте чоң теннис боюнча эл аралык мелдеш башталды


Бүгүн Бишкекте “Борбор кубогу - 2008” деген аталыштагы профессионал эместердин арасында чоң теннис боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Бишкек шаар мэриясынын Коом менен байланыш башкармалыгынан маалымдашты. Аталган эл аралык мелдеш Бишкек шаар мэриясы, Москва шаарынын жетекчилиги жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү астында Теннис сүйүүчүлөрдүн ассоциациясы тарабынан уюштурулууда. Мелдештин уюштуруучуларынын айтымында, мындай иш-чаралар Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий жана гуманитардык байланышын бекемдемекчи. (IJz)

XS
SM
MD
LG