Бул тууралуу кечээ Москва шаарында Орусиянын пермьер-министри Владимир Путин менен Кыргызстандын премьер-министри Игорь Чудиновдун жолугушуусунда айкан болду. В.Путиндин айтымында Кыргызстанга 2 миллиард доллар өлчөмүндө кредит берүү тууралуу сүйлөшүүлөр жыл аягына чейин соңуна чыгышы керек. Ага ылайык, бөлүнгөн каражаттын 300 миллион доллары мамлекеттик бюджетти бекемдөөгө кетсе, калган 1 миллиард 700 миллион өлчөмүндөгү каражат ири инвестициялык долбоорлорго жумшалмакчы. (IJz)