Бул тууралуу кечээ Москва шаарында Кыргызстандын премьер-министри Игорь Чудинов орус өкмөтүнө сунуш жасап, Орусиянын “ГидроОГК” компаниясынын бул жаатта тажрыйбасы мол экендигин, андыктан Сары-Жаз дарыясында ГЭС куруу боюнча алдын-ала иштерди жүргүзө баштоого мүмкүн экендигин билдирди. Кыргызстандын премьер-министри Игорь Чудинов Москвага Евразиялык экономикалык биримдиктин 22-отурумуна катышуу үчүн барган эле. (IJz)