Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

Революциялык кыймылдын кеңсеси тинтилип жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров билдирди. Ушул тапта Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлери Элдик революциялык кыймылдын кеңсесин тинтүү жүргүзүп жатышканын, мындай аракеттер мыйзамга каршы келерин айткан А.Бекназаров, прокуратура кызматкерлери эмне себептен тинтүү жүргүзүп жатышканын оңдуу түшүндүрө алышпаганын билдирди. “Тинтишсин, конституцияга каршы келген нерселерди табышса алышсын, бирок мен алар өздөрү шектүү буюмдарды таштап коюшпасын деп чочулап жатам. Ошол себептүү кеңседеги балдарга сак болгула деп табыштадым. Кечээ эле президент бирөөнүн менчигине кол тийгизбегиле деп кыйкырып атты эле. Эми кайра бүгүн бизге асылып атышат”,- дейт А.Бекназаров. (IJz)

XS
SM
MD
LG