Бул күнү УТРКнын программаларынын басымдуу бөлүгү балдарга арналат, деп билдирди “Азаттыкка” аталган корпорациянын директорунун орун басары Абды Сатаров. Анын айтымында, УТРК учурда ЮНИСЕФ менен бирдикте балдар үчүн берүүлөрдү ачуу жаатында жаңы долбоорлорду иштеп жатат. Жаңы жылдан кийин теле-радио программаларда балдарга арналган берүүлөр көбөйтүлөт. 1994-жылы БУУнун балдар кору (ЮНИСЕФ) декабрь айынын экинчи жекшембисин Бүткүл дүйнөлүк балдардын телевидение жана радиоберүү күнү катары белгилөө тууралуу чечим кабыл алган. Бул күнү дүйнөдөгү алдыңкы теле-радио компаниялар балдарды жана балдар үчүн берүүлөрдү обого чыгарышат. (AJ)