Сауд Арабстандын расмий чакырыгы менен Кыргызстандан барган 30 адам Мекеде ажылык зыяратын аткарып, алгачкылары 12-декабрда, калганы бүгүн эртең менен мекенине кайтып келишти. Ал эми Кыргызстандан Мекеге Жидда шаары аркылуу барган зыяратчылар Мединага барышып, зыярат кылышкандан кийин алды 16-декабрда келе баштайт. Быйыл Кыргызстандан төрт миңден ашуун адам Мекеге зыяратка барышкан. Алардын арасынан алты адам каза болуп, сөөктөрү Мекеде коюлган. Бул тууралуу Мекедеги Кыргызстандын ажылык штабынын башчысы Мамбетасан ажы Ибраев “Азаттыкка” билдирди. (AJ)