Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Түркмөнстанда жекшемби күнү парламенттик шайлоо өттү


Шайлоого болжол менен 94 пайыз добуш берүүчү катышты. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Мурад Каррыев билдирди. Шайлоо сентябрда кабыл алынган жаңы конституцияга ылайык өткөрүлдү. Түркмөн паралментинде 125 депутаттык орун бар жана алардын баары бир мандаттуу округдардан шайланды. Түркмөнстанда шайлоонун жүрүшүнө Бириккен Улуттар уюмунун жана ЕККУнун байкоочулары алгачкы ирет көз салышты. Түркмөн бийлиги жекшемби күнү өткөн шайлоону демократияга карай ташталган кадам катары баалашса, укук коргоочулар Түркмөнстанда ачык жана таза шайлоолор үчүн шарттар түзүлбөгөнүн ырасташууда.

XS
SM
MD
LG