Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

20-декабрдагы оппозициянын митингиси жылды


Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, аталган кыймылдын ири нааразылык акциясы жаңы жылга калды. А. Бекназаров мунун себебин учурда оппозиция лидерлери биригүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы менен түшүндүрдү. Сүйлөшүүлөр соңунда президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүнү колдогон күчтөрдүн Бириккен элдик кыймылы (БЭК) түзүлөөрүн, бул кыймыл биргелешип нааразылык иш-чараларды баштай турганын айтты. Элдик революциялык кыймыл 13-декабрда кеңсесин тартип коргоо органдары тинтүүгө алынгандан кийин бүгүн жыйын курган. Аталган кыймыл 20-декабрда президенттин кетишин талап кылган нааразылык иш-чаралар башталаарын мурдатан кабарлаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG