Тышкы иштер министри Эднан Карабаев министрликтин консулдук кызмат департаментинин директорлугунан Э.Бейшембиевди бошотуп, анын милдетин аткарууга М.Исаковду дайындады. Департамент директорунун орун басарлыгынан Айдит Эркин да бошотулуп, департаментке көзөмөлдүк кылган статс-катчы Таалай Кыдыровго катуу сөгүш жарыяланды. Буга департаменттин ишин текшерген кызматтык иликтөөдө аныкталган кемчиликтер, анын ичинде атуулдарды каттоодогу мүчүлүштүктөр негиз болду. (BD)