«Ак жол» жана «Жаңы Кыргызстан» партияларын кагыштырууга аракеттенген күчтөрдүн артында Кара-Суу районунун акими Чойбеков турат, - деп билдирди, «Азаттыкка» «Жаңы Кыргызстан» саясий уюмунун Карасуу райондук координатору Тилек Авазбек уулу. Ал ошондой эле идеялаштары бул партияны чанып, «Ак жол» партиясына бири дагы өтпөгөндүгүн, белгилүү ишмер Үсөн Сыдыков менен президент Бакиевди кагыштуруу максатында ушундай жалган маалыматтарды райондун акими Шамшарбек Чойбеков таратып жаткандыгын ачыктады. Кара-Суу районунун акими Шамшарбек Чойбековго чалсак, Тилек Авазбек уулунун мындай билдирүүсүн жалган жалаа деп эсептеп, Исмаил Исаковдун саясатын колдобогон «жаңы кыргызстанчылардын» айрымдары чындап эле «Ак жол» партиясына өтүп жатышкандыгын белгиледи. (ATo)