Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:18

Италиялык инвесторлор Жалал-Абатка кымбат үйлөрдү курат


15-декабрда Жоржио Фиаккони баштаган инвесторлор шаар мэриясында маалымат жыйынын өткөрдү. “Роза парк” аттуу италиялык үлгүдөгү 100 батир эки жылда курулат. Аны тургузууга тейлөө кызматтарын эске албаганда 5 миллиондон ашык евро жумшалат. Дүйнөлүк кризис алкымдап, насыя алуу оор болуп турганда “Еврокредит” каржы тобу үй баасынын 80 пайызына чейин карыз акча берет, (жылдык үстөгү 18-24%). Батирдин бир чарчы метри 650-800 еврого барабар. Буга дейре Жалал-Абатта ипотекалык мындай курулуш болбогон, миграция маселеси күчтүү, Орусияда иштеген жалалабаттыктар Бишкектен сапатсыз үйлөрдү сатып алышууда деген Жоржио Фиаккони борбордо “Хайят Рижженси” мейманканасын курганын айтты. “Айчүрөк” дүкөнүнө байланыштуу мурда болгон чырда каржы полициясы болочок кирeшелер үчүн салык талап кылганын, андагы коррупциянын үстөмдүгүнөн кыйла чыр-чатак болгонун да айтты. (YA)

XS
SM
MD
LG