Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Жалал-Абат облусундагы чек ара отяды экиге бөлүндү


Чек ара кызматынын бир бөлүгү облустун борборуна, экинчиси Ала-Бука районуна жайгаша турган болду. Алгачкысы Жалал-Абат чек ара отяды, кийинкиси Ала-Бука районундагы өзүнчө чек ара-аскер командатурасы деп аталмакчы. Облус борборундагы отрядга беш жай караштырылууда. Аскер аймактарын бөлүүгө облустагы кыргыз-өзбек чек арасынын өтө узундугу, аны толук жана өз убагында күзөтүүгө мүмкүндүктүн аздыгы себеп болгон. Аскерге жаңыдан чакырылган 150 жигит чек арада кызмат өтөөгө жана ант берүүгө камданууда. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда так аныкталбаган чек ара жайлары арбын. Ага болбой, коңшу өлкө Жалал-Абат облусунун чек арасын бойлой эки миң жоокери бар мобилдүү беш чек ара отрядын жайгаштырган. Мындай маалымат бүгүн облбийликтен алынды. (YA)

XS
SM
MD
LG