Жүздөгөн ирактыктар АКШ президентине бут кийимин ыргыткан журналисттин абакта чыгарылышын талап кылган демонстрацияны бүгүн Багдаддын Садр районунда өткөрүштү. Ирактык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Мунтадхар ал-Зейдини кечээ инциденттен бери абакта кармалууда.
Инцидент кечээ Багдадда, Жорж Буш Ирактын премьер- министри Нури ал-Малики менен маалымат жыйынын өткөрүп жаткан учурда болгон. Теги ирактык телекабарчылардын бири Бушту "ит" деп атап, аны көздөй эки бут кийимин тең ыргыткан. АКШ президенти буйтап кетүүгө үлгүргөндүктөн, ыргытылган бут кийимдер ага тийген жок. Ирактыктардын салты боюнча адамды бут кийим менен уруу аны катуу кемсинткендик болуп эсептелинет.
Жорж Буш болсо бул инциденти комментарийлеген сөзүндө аны саясий нааразылык билдирүүгө салыштырып, көңүл бурдуруунун бир ыкмасы катары баалады.
Бут кийимин ыргыткан журналисти коопсуздук кызматкерлери кеңседен алып чыгып кеткен, ирактык башка журналисттер инцидент үчүн АКШ президентинен кечирим сурашты.