Алар Улуттук телерадиокомпаниянын башчысы Мелис Эшимкановду кызматтан алууну талап кылышууда. Нааразылык акциясынын лидерлеринен болгон Ассоль Молдоакматованын билдирүүсүнө караганда, нааразылык акциясы бүгүн да улантылат. “Эшимканов кызматынан алынып, адилеттик орнооруна ишенебиз. Ошону менен УТРКда баш-аламандык токторуна үмүт артабыз”,-деп белгиледи Молдоакматова.(AiT)