19-декабрда Казакстандын ордо калаасы Астанада КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейрасмий жолугушуусу болот.Бирок жолугушууга КМШга кирген 12 өлкөнүн сегизи гана катышат. Казакстандын тышкы иштер министри Эржан Ашикбаевдин айтымында, жолугушууга Армения, Беларус, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлеринин келери күтүлүүдө. Министр саммитке Азербайжан, Молдова жана Украинанын лидерлеринин катышпай турганынын себебин түшүндүргөн жок. Август айында Орусия менен жаңжалдан кийин Грузия КМШдан чыкканын билдирген. Министр Ашикбаевдин айтымында, саммиттин башкы темасы дүйнөлүк экономикалык кризис болмокчу.