Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 01:08

Британия Ооганстанга кошумча 300 жоокерин жиберет


Бул тууралуу Британиянын премьер-министри Гордон Браун билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, британиялык жоокерлер Ооганстандын түштүгүндө кийинки жылдын август айына чейин жайгаштырылат. Мындан тышкары Британия кийинки жылы Ооганстанда боло турган президенттик шайлоонун эркин жана таза өтүүсүн камсыз кылуу үчүн 10 миллион доллар бөлүүдө. Өткөн дем алыш күндөрү Гордон Браун иш сапары менен Ооганстан, Индия жана Пакистанда болду.

XS
SM
MD
LG