Райондук жана Акман айылдык кеңештин 13 депутаты облус жашоочуларынын атынан өлкө коомчулугуна кайрылды. Алар «Ушу тапта сөз жана басма сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй кысым жасалууда. Бул куугунтуктоолор терс көрүнүштөрдү калың элдин катмарына жеткирбөө аракети» деп эсептешет. Соттордун колу менен «Де-факто», «Алиби» гезиттери жабылып, «Сентябрь» телеканалы обого чыкпай калды. Соңку маалда «Азаттык», Би Би-Си үналгылары Кыргызстанда уктурулбай атат. Кайрылууга ылайык, журналисттерге кол салуу, коркутуп-үркүтүү, өлтүрүү, башка өлкөдөн баш паанек издөөгө мажбурлоо – бийликтин бүгүнкү кадимки ишине айланды. “Мындай иш-аракеттер токтотулбаса, бийлик эл ишениминен ажырай берет”, - деген депутаттар кыргыз элин өз укуктарын коргоого чакырышты. (YA)