Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Казакстандын көз карандысыздык күнү Алматыда милиция менен демонстранттар кагылышты


Демонстрацияга чыккан 400 жүздөй адам турак-жай көйгөйү чечилбей жаткандар менен ипотекалык карыз алгандар кыймылынын өкүлдөрү болуучу. Алар премьер- министр Карим Масимов менен Алматынын мэри Ахметжан Есимовдун отставкасын талап кылышты. Демонстранттардын лидерлеринин бири Айнур Курмановдун "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна билдиргенине караганда, алар көчөгө 1986-жылдын декабрында казак жаштарынын толкундоосу күч менен басылганда курман болгондору эскерүү үчүн да чыгышкан.

Казакстан мурдагы СССР республикалары ичинен көз карандысыздыгын эң акыркылардан болуп 1991-жылдын 16-декабрында жарыялаган. Андан бери өлкөнү бир гана президент –Нурсултан Назарбаев башкарып келүүдө. Президенттин "Нур-Отан" партиясы азыр казак парламентиндеги орундардын баарын ээлейт.

XS
SM
MD
LG