Бул тууралуу бүгүн Мунтадер ал-Зейдинин бир тууганы Дургхам ал-Зейди билдирди. Бирок ал журналист бир тууганы жаракатты кармалгандабы же андан кийин абакта алдыбы, так айта алган жок. Ирак бийликтери жогорудагыдай ырастоого карата азырынча өз мамилесин билдире элек. Маалыматтарга караганда, 29-жаштагы журналист Ирак башкааласынын өкмөттүк кеңселер жайгашкан, катуу кайтарылган аймагында кармалууда.
Ушул жекшемби күнү Багдаддагы маалымат жыйынын учурунда телекабарчы болуп иштеген Мунтадер ал-Зейди АКШ президенти Бушту көздөй эки бут кийимин тең ыргытып, анын дарегине жаман сөздөрдү айткан. Ушул окуядан соң коопсуздук кызматынын өкүлдөрү журналистти бөлмөдөн күч менен алып чыгып кетишкен.