Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Кыргызстандык укук коргоочулар БУУга кайрылат


Укук коргоочулар Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине 33 арыз жолдошот. Анда 2002-жылдын 17-18-мартында Аксы окуясында атылган жана жабыркагандар үчүн мамлекетти айыптуу деп табуу өтүнүчү билдирилет. Адвокат Сартбай Жайчыбековдун арызынын негизинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Элдияр Үмөталиевдин өлүмүнө өкмөттү айыптаган чечимин буга чейин чыгарган. Үмөталиев 2002-жылы 18-мартта Кербенде милиция тарабынан атылган. Бул тууралуу укук коргоочулар шейшембиде маалымат жыйынында билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG