Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Өзбекстанда полиция кызматкерлери соттолду


Өзбекстандын соту адамды кыйнаган деген жүйөө менен полициянын төрт кызматкерин сегиз жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратты. Кыйноодон улам көз жумган Музаффар Туйчиевдин энеси Зулкумор Туйчиеванын айтымында, сот мындай чечимин 12-декабрда чыгарган. Музаффар Туйчиев март айында камакка алынгандан көп өтпөй кыйноодон улам көз жумган. Эл аралык укук коргоочулар тобу Өзбекстанды адам укугун коргоодо натыйжалуу чара көрбөйт деп айыптап келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG