Алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын жарандары болгону кабарланууда. Израилдик бийликтин маалыматына ылайык, Эйлат курорттук шаарына багыт алган автобуста Санкт-Петербургдан келген туристтердин тобу бараткан. Израил бийлиги кырсыктан көз жумгандардын саны 24 деп билдирсе, орусиялык маалымат агенттиктер отуз киши мерт кеткенин ырасташууда. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.