Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Колубузду каерге коерду да парламент үйрөтөбү?


“Московский комсомолец - Кыргызстан” гезити бул санын адаттагыдай эле Елена Агееванын “президентке кат” рубрикасынын алдындагы макаласы менен ачты. “Дело №…” гезити “Саясый тандем мандем болгону менен достук мамиле жакшырууда” деген макаласын басты.

“Московский комсомолец - Кыргызстан” гезити бул санын адаттагыдай эле Елена Агееванын “президентке кат” рубрикасынын алдындагы макаласы менен ачты. “Курманбек Салиевич, бүгүн менин сизге бере турган толгон-токой суроолорум бар. Чочубайле коюңуз, энергетика жөнүндө эмес…” деп башталган кат андан ары минтип уланат: “Деги сизди кимдир бирөөлөр өз Мекениңизди канчалык сүйө турганыңызды текешерип көрдү болду бекен? Деги эле сиз Мекен сүйүү деген эмне экенин билесизби? А эгер сүйсөңүз, жок Мекен дегенди антип сүйбөйт, Мекен дегенди минтип сүйөт деп айтышты болду бекен? Менимче айткан эмес. Эми суроого өтөлү, жолдош президент. Ко-ош, сиздин оюңузча патирот деген кимдер? Маселен сиздин депутат Тагаев айтмакчы, мен Гимнди ырдап атканда колумду жүрөк тушума коюп, анан ал бүткөн соң өлкөнүн бүтүндөй стратегиялык объектилерин менчиктештирүү мыйзамына добуш берүүгө чакырсам патриот боломбу? Эмне үчүн өлкө энергетика кризисинин сазына батып, экономикалык курч маселелелер коколоп турса, парламент аны талкууга албайт дагы, баары түгөп калгансып, герб менен туунун түсү антип басылып калыптыр, гимндин сөзү минтип жазылып калыптыр дегендерди талкууга ала берет? Же сиздин оюңузча патриоттуулук деген ушулбу? Баса, сиздин депутаттарыңыздын патриоттулугун карап турсаң, капырай тим эле тирукмуш! Биринен бири өтөт. Маселен Мамасалиев дегениңиз жаштарды мамлекеттик символдорго урматтоо менен мамиле кылууга чакырса, Жураев деген парламентарий андан ашып түшүп “мамлекеттин желегинин сүрөтү түшүрүлгөн майка менен шорту кийгенге тыюу салыш керек” деп чыкты. Кыскасы мамлекеттин желегинен майка-труси тигип кийгенге болбойт экен. Майли. Ал эми биздин өлкө желегинин сүрөтү түшүрүлгөн аракты кайда алып барып катабыз? Айрым ашкебилер адегенде дал ошол арака тоюп алып, анан аял зордуктап жиберип атпайбы. Албетте этикетине мамлекет желегинин элеси чапталган арактан согуп алып, катын зордогондук патриоттуулукка жатпайт деңизчи. Чыныгы патриот деген чыныгы патриотканы чыйканын тырмабаган ичимдиги жок эле, майкасына биздин гербдин сүрөтүн чаптай салып эле башын айлантып коет эмеспи. Буга да майли. Ошондуктан, Курманбек Салиевич, эгер мен болгондо патриоттуулукка мына ушинтип тарбиялагысы келип, элдин башына жаңгак чаккан сиздин депутаттарыңыздын ой-тилегин мыйзам менен ооздуктайт болчумун. Кеп майка-труси же аракта деле эмес. Сессия сайын патриоттуулук, Мекенди сүйүү жөнүндө сөз сүйлөп, мындай чыгып буттарын шайлоочулар менен сүртүп, өзүлөрү үчүн баа жеткис автомашина, кымбат үй алып, мамлекеттин ырыс-кешигин соргону келгендер бизге Гимнди ырдап атканда колубузду каерге коюшубуз керектигин үйрөтпөй эле коюшсунчу, бай болгурдуку!...” Кат ушуинтип аяктайт.

“Дело №…” гезити “Саясый тандем мандем болгону менен достук мамиле жакшырууда” деген чакан макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Анда өткөн жумада же декабрдын алтысында мамлекеттик Ала Арча резиденциясынын банкеттик залында Феликс Куловдун 60 жылдык тою өткөнү, тойго президенттин админстрация башчысы М. Садыркулов, Консоттун төрага орунбасары А. Суталинов… кыскасы бүтүндөй генералитет – Ж. Бакиев, Ө. Кутуев, А. Суранчиев, К. Куватбеков, С. Дубанаев, А. Алымкожоев, Т. Мамытов ж.б. катышканы кабарланат. Үстөл чиркин дүйүм тамак-аштан титиреп турду, кымбат коньяктар менен кымбат винолор суудай акты дейт. Анан тойдун ток этер жери президент К. Бакиевдин Ф. Куловду куттуктаган сөзү, сөзүнөн кийин баасы 80-92 миң АКШ доллар турган TOYOTA LAND CRUISER 200 капкара жип мингизгени болду. Тартуу тартканы да, тартуу алганы да жайнап турду. Антпегенде канетет. Анткени Кулов эми эч качан президент болчумун деп жулкунбайт. Кас болгондон көрө дос болгон кандай сонун, анын үстүнө достугуң тигинтип мамиле аркылуу гана эмес, минтип материалдык жактан да мазасы чыгып атканда деп жазды.

Гезит мындан тышкары мамлекеттин стратегиялык объектилери сатылганы жатканын баяндаган макалага орун берди. Гезит ошондой эле “Бийлик азуусун көрсөттү” деген макаланы окурмандарына сунуш кылды. Анда Ноокат окуясы, “хизбутчулардын” оор жаза менен түрмөгө кесилиши жана ИИМдин Түштүк аймагы боюнча төрага орунбасары Жеңиш Жакыповдун гезит кабарчысынын суроолоруна жообу баяндалат.






XS
SM
MD
LG