Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

Электр кубатын өчүрүүдөн келтирилген зыяндын эсеби жок


Парламенттеги “Ак жол” фракциясынан депутат Бейшенбек Абдырасаков премьер-министр Игорь Чудиновдон электр кубаттуулугун маал-маалы менен өчүрүүдөн бюджетке канча зыян келтирилгенин сурады. Өкмөт башчы бул боюнча түздөн-түз эсеп жоктугун, канча зыян келтирилгенин айта албастыгын билдирди. Б.Абдырасаков Токтогул ГЭСинен агып чыккан сууларды насос аркылуу кайра суу сактагычка куюп, суунун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнбү деген суроо узатты. И.Чудинов техникалык жактан сууну кайра Токтогул ГЭСине куюуга мүмкүн эместигин, ишке ашпай турган нерселер менен элдин башын айландырбоону өтүндү. (AJ)

XS
SM
MD
LG