Жогорку Кеңештин фракциялар отурумунда СДП фракциясынан депутат Жусупжан Жээнбеков кесиптеши Руслан Шабатоевдин жана уулу Бактияр Амиражановдун дайынсыз жоголушуна байланыштуу жана аларды издөөдө натыйжалуу иш алып бара албагандыгы үчүн ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Мурат Суталинов өз каалоосу менен ээлеген кызматтарынан кетиши керек деди. Ал ошондой эле өз кызматтарын жогорку деңгээлде аткара албагандыгы үчүн Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысын жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисин кызматтан алууну талап кылды. Премьер-министр Игорь Чудинов бул маселе 13-декабрда ИИМдин коллегиясында каралып, айрым кызматкерлер жоопкерчиликке тартылганын айтып, ИИМдин орун басарына сөз берди. Ички иштер министринин орун басары Сабырбек Курманалиев Р.Шабатоев менен Б.Жээнбековду издөө иштери үч айдан бери тынымсыз жүргүзүлүп жатканын, учурда Казакстан, Өзбекстандын укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иштеп жатышканын билдирди. Жусупжан Жээнбеков бул ишке атайын кызматтардын тиешеси бардыгы жөнүндө божомолдор айтылып жатканын, эгерде буга атайын кызматтын аралашканы чын болсо арты жакшылык менен бүтпөстүгүн эскертти. (AJ)