Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 03:58

Жаштардын сүрөт сынагы аяктады


Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Жаштар программасынын "Жаштар жаштардын көзү менен" деген сынагы жыйынтыкталды. Эки айга созулган иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан үч жүздөн ашуун жаштар катышып, алар бүгүнкү күндүн көйгөйүн, жыргалын чагылдырган сүрөт, плакаттарын жөнөтүшкөн. БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Волкердин айтымында, бул көрүнүштөр уюмдун жаштар менен иштөө багытын аныктап берет. “Сынакка келип түшкөн эмгектер уюмдун жаштарга арналган улуттук отчетуна чоң салымын кошот”, -дейт ал. (КЕ)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG