Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин жанында президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун жана УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, улуттук каналдын беш кызматкери мөөнөтсүз ачкачылык акциясын башташты. Өткөн айдын соңунан бери улуттук каналдын жыйырмадан ашуун кызматкери М.Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен М.Горькийдин эстелигинин жанында пикет уюштуруп келишкен. Ачкачылык жарыялагандардын бири Бейшенбек Бекешовдун айтымында, расмий бийлик журналисттердин арыз-муңуна көңүл бурбай койгондуктан, алар ачкачылык жарыялоого мажбур болушкан. Буга чейин УТРКнын башкы директору Мелис Эшимканов нааразылык билдиргендер телевидениедеги майлуу орундарынан айрылып калбоо үчүн негизсиз дооматтарды коюп, пикетке чыгышканан кабарлаган эле. (AJ)