Эгемендүү өлкө болгондон бери Кыргызстандын футбол федерациясын жетектеп келген мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев өзүнүн командасы менен бул уюмдун отчеттук-кайра шайлоо конференциясында жаңы муунга орун бошотушту. Футбол федрациясынын президеттигине өлкөнүн соттор департаментинин директору, Бишкек шаардык футбол федерациясынын жетекчиси Айбек Алыбаев президент болуп шайланды. Көп жылдан бери бул уюмдун башкы катчысы болуп келген Кылычбек Бердибековдун ордуна футзал ассоциациясынын жетекчилеринин бири Нуртазин Жетибаев башкы катчы болуп дайындалды. Футбол федерациясынын вице-президенттери болуп Жогорку Кеңештин депутаттары Аскар Салымбеков, Советбек Сакебаев, генерал Өмүрбек Кутуев шайланды. Ал эми Амангелди Муралиев болсо федерациянын ардактуу президенти болуп калды. (КМа)